Келишимдүү, келбеттүү, сыны мыкты. Сабыр дөбөгө чыкканда сындуу бою балдардын көзүнө сүрдүү, сүйкүмдүү көрүндү (Сыдыкбеков). Сымбатын таап ырдайлык, Балам, сындуусу чыгат келинден (Токтогул).
Окшош, сыяктуу, өңдүү. Бийикте деңиз сындуу көпкөк асман, Тоо башын көлөкөлөп булут баскан (Токомбаев). Коё берсе арыштап, Кулан сындуу жүгүргөн (Осмонкул). Атуулуңду пешка сындуу санаган, Арыласың качан ушул адаттан? (Байгазиев).